Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫКТЫ МЕКТЕБИН ТАНДОО ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 1038

Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин тандоо жөнүндө” буйругу чыкты.

post.title

Буйрукка ылайык республикалык тандоо 5 этаптан туруп, ага төмөндөгү жалпы билим берүү уюмдары катыша алат:

-    мурдагы жылдары  жеңүүчү болуп аныкталбаган жана окуучулардын саны үч жүздөн кем эмес мектептер;
-    мыкты мектеп аталышына талапкерлер болуп район, шаар жана облус боюнча мыкты жетишкендиктерге ээ болгон мектеп;
-    билим сапаты жогору жана  билим берүү кызматын өнүктүрүүдө, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын  колдонууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар мектеп;
-    профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, инсанга багтытталган окутууну өздөштүргөн, техникалык, эстетикалык ж.б. ийримдерди ийгиликтүү уюштурган  мектеп.

Байланыш маалыматтары: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы
байланыш телефондору: (0-312) 62-04-77; (0-555) 80-95-45 saltanat-omurkanova@mail.ru 

Буйрук - пдф

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар