Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КЫТАЙ ЖАНА МОНГОЛИЯНЫН МИНИСТРЛЕРИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ БАГЫТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 610

2024-жылдын 30-31-январында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кыргыз делегациясынын башында Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлиги, Кытай Эл Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы жана Шанхай элдик өкмөтү тарабынан уюштурулган “Санариптик билим берүү: колдонуу, бөлүшүү жана инновация” аталышындагы Дүйнөлүк конференцияга катышты.

post.title

Министрдин Кыргыз Республикасында STEM билим берүүнү киргизүү практикасы жөнүндө баяндамасы конференциянын катышуучуларынын чоң кызыгуусун жаратты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кытай Эл Республикасынын билим берүү министри Хуай Цзиньпэндин жеке чакыруусу боюнча аны менен жолугушту. Алар тоо-кен, суу маселелери жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу багыттар боюнча илимдер академияларынын кызматташтыгын түзүү, STEM предметтерин, экология жана жашыл экономиканы окутуу боюнча тажрыйба алмашуу, мугалимдер менен директорлордун такшалмаларын (стажировка), студенттер үчүн жайкы лагерлерди уюштуруу,

Кытайда билим алуу үчүн студенттердин санын көбөйтүү боюнча сунуштарын айтышты.
Министр Догдуркүл Кендирбаева Шанхай шаарынын мэри, Шанхайдын билим берүү департаментинин жетекчиси, Гонконгдун жана Макаонун алдыңкы техникалык университеттеринин ректорлору менен жолугушту. Тараптар билим берүү жана илим тармагындагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

Ошондой эле конференциянын жүрүшүндө министр Догдуркүл Кендирбаева Монголиянын билим берүү жана илим министри Лувсанренцэнгийн Энх-Амгалан менен санариптик окутуу, мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоо жана китеп басып чыгаруу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн  кызматташууну макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар