Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
САНАРИПТИК ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК, ИШКЕРДИК ЖАНА ЛИДЕРЛИК ЖӨНДӨМДӨР БОЮНЧА АКЫСЫЗ МИКРОКУРСТАР

Көрүлдү: 1577

Билим берүү жана илим министрлиги жаш эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрү арасында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде санариптик жана финансылык сабаттуулук, ишкердик жана лидерлик жөндөмдөр ж.б. боюнча иштелип чыккан 18 электрондук окутуу модулдары (микрокурстар) https://academy.inaqa.com сайтында жеткиликтүү экендигин маалымдайт.

post.title

Микрокурстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин санариптик сабаттуулук боюнча жаңы көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн Билим берүү жана миграцияга чейинки даярдоо борборлорун түзүү жөнүндө биргелешкен буйругун ишке ашыруунун алкагында даярдалган.

Модулдар Европа Биримдигинин “E-QUALITY – Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан.

Микрокурстар - https://academy.inaqa.com/?lang=ky

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар