Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАНА ТАИЛАНД КОРОЛДУГУНУН КЫЗМАТТАШТЫГЫН ТЕРЕҢДЕТҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 432

31-январда Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Таиланд Королдугунун Казакстан Республикасындагы Элчилигинин миссия жетекчисининин орун басары жана экономика бөлүмүнүн башчысы Оратай Пхубунлап Гунасийлан менен жолугушту.

post.title

Тараптар билим берүү жана илим тармагында бүгүнкү күнгө чейин жетишилген кызматташтыктын оң натыйжаларын белгилешип, өнөктөштүктү тереңдетүү, анын ичинде студенттерди алмашуу жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасында Таиланд күнүн уюштурууну талкуулашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар