Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ КЫРГЫЗ-ОРУС СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИНИН ИШТӨӨ ШАРТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ҮЧ ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Көрүлдү: 1026

31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

post.title

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматтар менен Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырды.

Макулдашууда тараптардын университетти башкарууга биргелешкен жана тең баалуу катышуусу үчүн башкаруу кеңеши түзүлөрү каралган, ал жогорку коллегиалдуу орган болуп саналат. Башкаруу кеңеши ар бир тараптан алты адамдан турган ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Университетти башкаруудагы жеке аткаруучу орган болуп университеттин ректору эсептелет, ал кызмат ордуна 5 жылга чейинки мөөнөткө дайындалат жана ректордун кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар