Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ТАРБИЯЧЫЛАРЫНЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН БИРИНЧИ ЖОЛУ СИСТЕМДҮҮ ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Көрүлдү: 1158

29-январда Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова Бишкек жана Ош шаарларында бала бакчалардын 4500дөн ашуун кызматкерлеринин кесиптик компетенцияларын жогорулатууга тартыла турган машыктыруучуларды окутуунун биринчи этабынын башталышына катышты.

post.title

Ошондой эле педагогикалык ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучулары, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, облустук усулдук борборлордун кызматкерлери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн методисттери окутулат.

Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүмодулу “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарга кам көрүү” мамлекеттик стандартынын талаптарынын, илимдин жетишкендиктерин жана ата мекендик жана чет өлкөлүк мектепке чейинки билим берүү практикасын эске алуу менен мектепке чейинки курактагы баланы бүтүндөй өнүктүрүү концепциясынын негизинде иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун кесиптик компетенцияларын өркүндөтүү” тренинги Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар