Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
«АДАМ ЖАНА КООМ» ОКУУ КИТЕБИ ЖАНА МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН МЕТОДИКАЛЫК КОЛДОНМОЛОР МЕКТЕПТЕРГЕ ТАРАТЫЛАТ

Көрүлдү: 748

27-январда Билим берүү жана илим министрлигинин буюртмасы менен “Учкун” ААК басылып чыккан 7-класстар үчүн "Адам жана коом" окуу китеби жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмонун биринчи партиясы өлкө мектептерине жөнөтүлдү.

post.title

Окуу китебинин жалпы тиражы - 129 365, анын ичинен кыргыз тилинде - 80 565 китеп, ал эми орус тилинде 48 800 нуска китеп басылган. Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо 3890 нускада басылса, анын 2 710у – кыргыз тилинде, ал эми  1 180 китеп орус тилинде.

Мындан тышкары жалпы билим берүү уюмдары үчүн 8-класстар үчүн “Человек и общество” китеби орус тилинде басылып чыгат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар