Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 777

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 24-январында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде орун алган окуяга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлүп, жеринде анализге алуу үчүн даярдыктар жүрүп жаткандыгын билдирет.

post.title

Учурда бул окуя Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан териштирүүгө алынып, Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө. 

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейде балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурап, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалим иштен бошотулгандыгын билдирди. Ал эми директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар