Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
PISAга ДАЯРДЫК КӨРҮҮ ҮЧҮН МАТЕРИАЛДАР

Көрүлдү: 943

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун расмий сайтында PISA тестине даярдык көрүү боюнча тесттердин топтому жайгаштырылган.

post.title

Атап айтканда, анда мугалимдер жана ата-энелер үчүн тесттердин түрү жеткиликтүү түрдө жайгаштырылган, аларды пайдалануу менен балдар менен чогуу PISAга даярдык көрүүгө бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилесек, 2025-жылы  Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышат. 15 жаштан 16 жашка чейинки ар бир окуучу изилдөөнүн катышуучусу болушу ыктымал. Ал эми мугалимдер окуучулардын функционалдык сабаттуулугун тынымсыз өнүктүрүүгө умтулушу керек, бул мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен түздөн-түз байланыштуу.

Мындан тышкары, 2025-жылы негизги изилдөөгө катышуу үчүн кайсы мектептин окуучулары тандалып алынары белгисиз, андыктан өлкөнүн бардык мугалимдери жана окуучулары тесттерди билиши жана тапшырууга даяр болушу маанилүү.

PISA (Programme for International Student Assessment) – окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. 2025-жылы өтүлүүчү PISA сынагына болжолу 100 өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

Кошумча маалыматтар:

https://edu.gov.kg/organizations/21/pages/246/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар