Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
Догдуркүл Кендирбаева иш сапары менен Ноокат районунда

Көрүлдү: 527

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагында жайгашкан Герейт-Шорон орто мектебинин эмгек жамааты жана ата энелер менен жолугушту.

post.title

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Ш. Козубаев, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н. Зульпиева, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев, Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматов, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Жолугушуу учурунда министр өлкө аймагында билим берүү тармагындагы жасалып жана күтүлүп жаткан  реформалар, аларды турмушка ашыруудагы максаттуу жана натыйжага багытталган аракеттер жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле жолугушуунун соңунда курулушу токтоп турган Герейт-Шорон орто мектебинин жаңы окуу имаратынын курулуш иштери менен таанышып, курулуш иштерин  жандандырууга аракеттер жасалаарын жана курулуш иштери башталаарын билдирип өттү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар