Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДАЙДЖЕСТ

Көрүлдү: 1415

Билим берүү жана илим министрлигинин жаңылыктары: апта ичиндеги орчундуулар

post.title

1. 2024-жылдын 15-январында 14 күнгө созулган кышкы каникулдан кийин жалпы билим берүү уюмдарында окуу башталды.

2. 2023-2024-окуу жылына КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 362 талон катталып, анын ичинен 270 абитуриент окууга кабыл алынды. Учурда III турда кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин окууга болгон каалоосун ырастоосу жүрүүдө.

3. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы №62 билим берүү комплексинин 1500 орундуу жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

4. Жогорку Кеңештин үч комитетинде 25 млн. АКШ доллары суммасындагы “Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар” макулдашуу долбоору жактырылды.

5. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген кыргыз делегациясы Малайзиянын мектептик билим берүүнү санариптештирүү тажрыйбасы менен таанышты. Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира
Самыкбаева бар.

6. Билим берүү жана илим министрлиги менен “Эко-Деми” коомдук фондунун ортосунда меморандумга кол коюлду.

7. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору София Шакил менен жолугушуп, билим берүү тармагын өнүктүрүүнү колдогон бир катар долбоорлордун биргеликте ишке ашырылганын талкуулады.

8. 18-19-январда мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын II райондук/шаардык баскычы өткөрүлдү.

9. Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү бала бакчалардын 289на оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары берилип, 144на эмеректер да орнотулду.

10. Министр Догдуркүл Кендирбаева Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун Айкөл айылындагы Наркозу Батыров атындагы орто мектептин 225 орундуу жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар