Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖЕТИ-ӨГҮЗ РАЙОНУНДАГЫ БАЛА БАКЧАДА УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРГА ТАРБИЯЛООГО БАГЫТТАЛГАН КОШУМЧА ТАЙПА АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 1602

19-январда Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айылындагы Бүбүкан Алымбаева атындагы “Сезим” мектепке чейинки билим берүү уюмунда болду.

post.title

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын санын камтуу жана бала бакчаларды эффективдүү колдонуу максатында балдарды улуттук баалуулуктарга үйрөтүүгө, патриоттулукка тарбиялоого багытталган кошумча тайпа ачылды. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана каржылоосу менен ишке ашкан.

“Сезим”  мектепке  чейинки  билим  берүү  уюму ачылгандан тарта 10  жылда  10 миллион  516  миң  сомго  долбоор  тартылып,  1 млн  580  миң  сомго  кичи  долбоорлор  менен  иш  алып  барылган. Ошондой  эле тарбиялануучулардын  туура  тамактануусуна  камкордук  көрүү максатында  18  сотых  жерге көмөкчү  чарба уюштурулган.

Кыргыз  Республикасынын  Президентинин “Улуттук  наркты  сактоо, өнүктүрүү  жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, “Сезим” бала бакчасында элдик  педагогиканы  жайылтуу  максатында улуттук  стилдеги табигый, синтетикалык  аралашмасы  жок жүндөн токулган килемдер жана кийизден  жасалып, экологиялык  жактан таза, ыңгайлуу оюнчуктар,  шырдактар  жана  Баткен  араби  килемдери пайдаланылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар