Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН БАШЧЫЛАРЫ ЖАНА МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 599

19-январда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Лейлек районунун билим берүү мекемелеринин башчылары жана мугалимдери менен жолугушту.

post.title

Министр белгилегендей, мамлекет билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн олуттуу бюджеттик колдоолорду көрсөтүп жатат. «Буга мугалимдердин эмгек акыларынын жогорулатылышы, мектептердин курулушу, бала бакчалардын ачылып жаткандыгы далил. Ал эми биз сапаттуу билим берүү жаатында аракетибизди күчтөп, ар бир мугалим изденүү менен иш алып барып, күнүмдүк ишинде алдыңкы тажрыйбаларды пайдаланууга умтулушу зарыл», – деди Догдуркүл Кендирбаева.

Мындан тышкары министр педагогдорду ата-энелер менен тыгыз иш алып барууга, STEM предметтерге өзгөчө көңүл бурууга чакырды. 

Жолугушууда Жалпы республикалык тестирлөөгө, PISAга даярдык көрүү, окуу процессин санариптештирүү жана тилдерди үйрөтүү боюнча натыйжалуу ыкмаларды пайдалануу маселелери да көтөрүлдү.

Жарыш сөздө мугалимдер да сөз сүйлөп, министрге күнүмдүк иш процессине тийиштүү суроолорду берип, айрым маселелер боюнча алгылыктуу сунуштарын беришти.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар