Көрүлдү: 1502
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Сүлүктү шаардык IT борборунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Курулуштун буйрутмачысы – Сүлүктү шаарынын мэриясы, обьектинин жалпы сметалык баасы 50 055 617 сом.
Министрдин айтымында, санариптештирүү – билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттардын бири, бул борбор келечекте учурдун талабына төп келген жаштарды даярдап чыгууга түрткү берет.