Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАРГА ОЮНЧУК, ӨНҮКТҮРҮҮ КУРАЛДАРЫН ЖЕТКИРҮҮДӨ

Көрүлдү: 1474

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү болгон материалдарды жеткирүүдө.

post.title

Бүгүнкү күндө 289 объектке оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары берилди. Заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери аба-ырайына карап  жүрүп жатат.

Мындан сырткары, 144 объектте эмеректер да орнотулду. (Ош облусу - 56, Жалал-Абад облусу - 85 жана Чүй облусу - 3).

Учурда кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 255инде оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталды.

Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар