Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА АӨБ СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН ДИРЕКТОРУ СОФИЯ ШАКИЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 529

16-январда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору София Шакил жолугушту.

post.title

Жолугушууда министр Догдуркүл Кендирбаева Азия Өнүктүрүү банкына билим берүү тармагын колдоосу жана көп жылдык кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Азия өнүктүрүү банкынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору София Шакил Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте тармакты өнүктүрүүнү колдогон бир катар долбоорлор  ишке ашырыгандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы өлкө эгемендүүлүк алгандан бери билим берүү секторун өнүктүрүүнү колдогон Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Атап айтканда, мектептик жана кесиптик билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» (2015-2022-жж.) долбоорун ишке ашырган. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун инклюзивдик системасын түзүү үчүн рынокко, ишкердикти өнүктүрүүгө, кесиптик лицейлерде жана колледждерде окутуунун сапатын жана билим берүү чөйрөсүн жакшыртууга, билим берүү системасы менен өндүрүштүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюздик өнүгүү үчүн көндүмдор» долбоорун ишке ашырууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар