Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ДЕПАРТАМЕНТИНИН ДИРЕКТОРУ СОФИЯ ШАКИЛ ДОЛБООРДУН ИШИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫНА КАНААТТАНГАНДЫГЫН БИЛДИРДИ

Көрүлдү: 1520

Азия өнүктүрүү банкынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору София Шакил, АӨБдүн Маниладагы кеңсесинин өкүлү Маматкалил Раззаев, АӨБдүн Бишкектеги кеңсесинин кызматкери Бактыгүл Өмүрзакова «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун иши менен таанышуу максатында долбоордун пилоттук окуу жайларынын бири – Бишкектеги архитектура, курулушта жана менеджмент колледжинде болушту.

post.title

Делегация окуу жайдын студенттери, кызмакерлери, социалдык өнөктөштөрү жана иш берүүчүлөр менен жолугуп, долбоорундун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен реконструкцияланган колледжди карап чыгышты.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Нурлан Атаканов жасалган иштердин жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Министрликтин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова долбоорду ишке ашырууда жетишилген натыйжалардын туруктуулугун камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. София Шакил долбоордун ишинин жыйынтыктарына канааттангандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 34 кесиптик лицей жана колледж Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун пилоттук окуу жайлары болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар