Көрүлдү: 606
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова Токио шаарындагы БУУнун университетинде өткөн ESD-NET глобалдык жолугушуусуна катышты.
Жолугушууда ТӨМ-4 аткарылышы, багыттар, көйгөйлөр, инновациялар жана 2024-2025-жылдарга милдеттер талкууланды. Дүйнөлүк жыйынга 80 ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышты.
Азия-Тынч океан аймактык тобунун өкүлдөрү туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү (ТӨБ-2030) боюнча улуттук демилгелер жөнүндө айтып беришти.