Көрүлдү: 2276
Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасында окуу боюнча конкурс жарыяланат.
2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун негизинде, Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына 2024-2025-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 6 мамлекеттик стипендия бөлүндү (ведомстволор аралык Макулдашуу боюнча).
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
Бакалавр жана кытай тил такшалмасы программалырына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
Магистратура жана докторантура программаларына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
Конкурска катышуучулардын жаш курагы боюнча критерийлер:
Арыз берген учурда конкурстук тандоонун катышуучулары:
- “Кытай тил такшалмасы” программасы боюнча – 18 жаштан жогоруу
- “Бакалавр” программасы боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин;
- “Магистратура” программасы боюнча - 35 жашка чейин;
- “Докторанттар” программасы боюнча - 40 жашка чейинкилер болушу керек.
Стипендия программасына катышуу үчүн, талапкерлер https://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасында, “Конкурстар” ---> “КЭР Өкмөтүнүн стипендиялары” программасына катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди 2024-жылдын 31-январынын саат 23:59га чейин жүктөшү керек.
Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча стажировка, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.
Көңүл буруңуздар! Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет!
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин (2024-жылдын 31 январынын саат 23:59да) бардык берилген өтүнмөлөр талаптарга шайкештигине жараша (бардык зарыл документтердин болушу) текшерилет.
Көз карандысыз тандоо комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде сунушталган 6 талапкерден турган жалпы тизме түзүлөт, мында бардык 6 талапкер бирдей деңгээлде стипендия алууга талапкер болушат.
Көз карандысыз тандоо комиссиясынын жыйынтыгынын негизинде сунушталган талапкерлердин тизмеси түзүлүп, кытай тарабына акыркы чечимди кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.
Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 625082, 621519 номерлери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду moin.mo@mail.ru электрондук дарегине жөнөтсөңүздөр болот.
Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз !!!