Көрүлдү: 2558
Бүгүн, 28-декабрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына тестирлөө жүргүзүлдү.
Тестирлөөнүн 1-нөөмөтүнө Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарынан келген 62 талапкер катышса, 2-нөөмөткө Чүй, Нарын жана Талас облустарынан келген талапкерлер катышты.
Сынакка катышууга укук алган 163 талапкердин ичинен 29у катышкан жок.
Тестирлөөдө 12 катышуучу 70% жана андан жогору балл алышты.
Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси:
1. Абжалиева Нематхон Токобековна, Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
2. Адылбекова Курманжан Адылбековна, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын директорлугуна талапкер;
3. Акпаралиев Сонунбек Абдылдаевич, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы № 21 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;
4. Аматов Медербек Саитович, Бишкек шаарындагы № 4 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
5. Апсалиева Айнура Ташболотовна, Нарын облусунун Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;
6. Ботобеков Тынчтыкбек Сулайманович, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылындагы № 31 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;
7. Джапобаева Асель Кожошевна, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылындагы № 42 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;
8. Джолдубаева Анаргуль Дженишбековна, Нарын облусунун Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;
9. Жусупов Адылбек Ишенбаевич, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 2 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;
10. Кулушова Алтынай Токтосуновна, Бишкек шаарындагы № 91 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;
11. Мундусбаева Майрамкүл Самаровна, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы № 37 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;
12. Ыдырысов Анарбай Бапыевич, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айылындагы № 29 кесиптик лицейинин директорлугуна талапкер;
Белгилей кетсек, тестирлөө КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнунундагы №312 токтомунун негизинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан өткөрүлүүдө.