Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МАЙРАМДАР ЖАНА КЫШКЫ КАНИКУЛДАР МЕЗГИЛИНДЕГИ КООПСУЗДУК БОЮНЧА БУЙРУГУ

Көрүлдү: 766

Билим берүү жана илим министри жаңы жылдык майрамдар жана кышкы каникулдар мезгилинде жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө буйрук чыгарды.

post.title

Жаңы жылдык майрамдар жана кышкы каникул мезгилинде өзгөчө кырдаалдардын пайда болушуна шарт түзгөн себептерди жана шарттарды жоюуга багытталган ишти күчөтүү боюнча чараларды көрүү максатында  иш-чаралар планы бекитилди.

Аталган буйрук менчигинин түрүнө, же ведомстволук баш ийгенине карабастан жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тааныштырылуусу милдеттендирилди.

Буйруктун негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин,  Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук жана шаардык билим берүү  бөлүмдөрүнүн жетекчилери:

- жаңы жылдык майрамдар жана кышкы каникул мезгилинде өзгөчө кырдаалдардын пайда болушуна шарт түзгөн себептерди жана шарттарды жоюуга багытталган иштерди күчөтүүсү;

- жаңы жылдык майрамдарда жана кышкы каникулдарда окуучулардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында ачык отту, от алуучу, пиротехникалык жана башка жаракат тийгизүүчү каражаттарды пайдаланууга болбой тургандыгы  боюнча мектеп директорлору менен кеңешме өткөрүүсү;

- кышкы каникул учурунда окуучулардын эс алуусун сапаттуу жана коопсуз уюштуруп, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүсү;

- жаңы жылдык майрамдарда, ошондой эле кышкы каникул учурунда турмуш-тиричилик коопсуздугу боюнча эрежелер, балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү;

- жалпы билим берүү уюмдарында өрткө каршы сигнализацияларынын, алгачкы өрт өчүрүү каражаттардын, жылытуу системасынын оң абалда экендигин текшерүүсү;

-  окуучулардын эс алуусун уюштурууда мектептердин спорт залдарын, студияларын жигердүү пайдаланып, ийримдердин ишин күчөтүүсү шарт.

 

► Буйрук

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар