Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ИЛИМ, ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУ ТУУРАЛУУ БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮГӨ КОЛ КОЮЛДУ

Көрүлдү: 1263

2023-жылдын 18-декабрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Германиянын Федералдык Билим берүү жана илимий изилдөөлөр министрлигинин Мамлекеттик катчысы Юдит Пиршердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева илимий изилдөөлөр жана инновациялар жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн, санариптик билим берүү жана маалыматтык технологиялар тармагындагы кызматташтыкты колдоонун жана өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн билим берүү мекемелери менен илимий уюмдарынын академиялык байланыштарын чыңдоонун, Кыргызстанда немис тилин окутууну колдоонун, ошондой эле эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба жана алдыңкы педагогикалык ыкмалар жана технологиялар менен алмашуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик катчы Юдит Пиршер герман тарабынын эки өлкөнүн илимий мекемелери менен окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди. 

Тараптар 2024-жылы Кыргызстанда Кыргыз-немис илим күндөрүн өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык билим берүү жана илимий изилдөөлөр министрлигинин ортосунда илим, изилдөө жана инновациялар тармагында кызматташуу ниети тууралуу Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар