Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
USAIDдин ДОЛБООРУ БОЮНЧА МЕКТЕПТЕРГЕ 1 МЛН 800 МИҢГЕ ЖАКЫН КИТЕП БЕРИЛДИ

Көрүлдү: 1723

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) “Окуу керемет!” долбоору аркылуу Кыргызстандагы 1681 мамлекеттик мектепке 1 млн 790 миң 30 даана балдар китептерин тапшырды.

post.title

Китептерди расмий тапшыруу аземи бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги №21 орто мектепте өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев жана USAIDдин миссиясынын директору Кая Адамс катышты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев өз сөзүндө бул китептер жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор тарабынан балдардын жаш курагын жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккандыгын айтып, мындай китептердин балдарга өз эне тилинде, өзгөчө кыргыз тилинде жеткиликтүүлүгү бизди кубандырат деп белгиледи.

Ал эми USAIDдин миссиясынын директору Кая Адамс “Окуу үчүн бекем пайдубалды түзүү менен биз ар бир баланын жаркын келечегин камсыздай алабыз жана бирге күчтүү мамлекет курууга салымыбызды кошобуз”, – деди.

Бул китептер -  2020-жылдан бери ар кандай жанрдагы 1500гө жакын жаңы аталыштагы балдар китептерин жараткан 60 жергиликтүү автор менен 30 иллюстратордун биргелешкен эмгегинин жемиши. “Окуу керемет!” долбоорунун китептери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук китепкана сайтында https://kitep.edu.gov.kg/kg/catalog/ok?sort=id&direction=desc&view=table жана https://bloomlibrary.org/language:ky сайтында жеткиликтүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар