Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ БАТКЕН ОБЛУСУНДА МЕКТЕПТЕРДИ ЖАНА БАЛА-БАКЧАЛАРДЫ АЧТЫ

Көрүлдү: 1795

2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Баткен облусунда бир катар мектептерди жана бала-бакчаларды ачуу аземине катышты.

post.title

Мамлекет башчы 8 мектеп жана 4 бала бакча ачылып жатканын маалымдады. Президент 2023-жылы титулдук тизмедеги социалдык маанилүү обьектилердин курулушу үчүн 427 млн. сом каралган, андагы 46 обьектинин 32си мектептер экенин белгиледи.

Атап айтканда, Баткен районунун Ак-Сай айылында чек ара чатагынын учурунда өрттөнүп кеткен Б.Ходжаев атындагы  орто мектептин эски имаратынын ордуна 275 орундуу жаңы мектептин имараты курулган. Курулуш иштери 2023-жылдын апрель айында башталган, анын сметалык наркы 115 млн сомду түзөт.

Ошондой эле Баткен облусунун Достук, Көк-Таш айылдарында – жаңы мектептер, Кара-Бак, Кызыл-Бел айылдарында – мектептин жаңы корпустары, ал эми Ак-Сай жана Кара-Булак айылдарында бала бакчалар пайдаланууга берилди.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар