Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА НАРЫН ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИНДЕ КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮНӨ АДАПТАЦИЯЛОО БОРБОРЛОРУН ТҮЗҮҮ ТАЖРЫЙБАСЫ ЖӨНҮНДӨ ДОКЛАД ЖАСАЛДЫ

Көрүлдү: 661

5-6-декабрда Өзбекстандын Улуттук университетинде өткөрүлгөн климаттык билим берүү жана жаштар ишкердиги боюнча Эл аралык конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Өмүрканова катышып келди.

post.title

Салтанат Өмүрканова “Айыл мектептеринде климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун жергиликтүү борборлорун түзүүдө билим берүү жана климаттын /айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнүн кесилишиндеги өзгөрүүлөрдү колдоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөр жана көйгөйлөр” эл аралык программасынын алкагындагы долбоордун жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын январь айында башталган долбоорго Нарын облусунун окуучулары катышкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар