Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 702

Билим берүү жана илим министрлиги Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына таянуу менен төмөнкүлөрдү билдирет.

post.title

2023-жылдын 5-декабрында саат 21.00 чамасында Коргон айылынын тургундары 2006-жылы туулган К.К.менен А.А. Тегирмен-Сай айылына келишип, Ы.Акылбеков атындагы №21 мектептин 11-классынын окуучусу И.М. үйүнөн чакырып чыгып, сабап коюшкан. Ызаланган И.М. бычак менен К.К. сайып койгон. Алган жараатынан улам К.К. ооруканада каза тапкан.

К.К.  жана А.А. буга чейин окуучу И.М. бир нече жолу ур-токмокко алып, опузалап, коркутуп келишкени белгилүү болду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар