Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
15-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН ОРУСИЯНЫН ЖОЖдорунда ОКУУГА АРЫЗДАР КАБЫЛ АЛЫНАТ

Көрүлдү: 1245

Кыргыз Республикасынын жарандары 15-декабрга чейин Россия Федерациясынын Жогорку окуу жайларында бакалавриат, адистик, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга арыз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

post.title

2024-2025-окуу жылына карата Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын өкмөтүнүн 700 бюджеттик орундук квотасы бөлүнгөн.

ЖОЖдор, билим берүү программалары жана сайтка катталуу формасы тууралуу кеңири маалыматтар - https://education-in-russia.com 

Маалыматтарды төмөнкү телефондор: +996(312)30-05-43, 0770-22-45-95 жана abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу алсаңыздар болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар