Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ САЛЫНГАН БИЛИМ БЕРҮҮ ОБЪЕКТИЛЕРИНЕ ПРЕСС-ТУР УЮШТУРУЛДУ

Көрүлдү: 368

7-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Бишкек шаарындагы №18 жана № 59 мектеп-гимназияларынын жаңы салынган кошумча имараттарын көрүү үчүн пресс-тур уюштурулду.

post.title

Пресс-турдун программасы боюнча журналисттер  225 окуучуга ылайыкталган №18 мектеп-гимназиясынын кошумча салынган имаратын көрүп чыгышты. 

Кошумча имараттын курулушу 2019-жылы башталган, сметалык наркы 54 737,7 миң сомду түзөт, жалпы аянты - 1544,0 м2. Эки кабаттан турган имаратта окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган: окуу класстары, медициналык кабинет, кулинария кабинети, химия жана биология кабинеттерине жанаша лабораториялык класстар жайгашкан жана санитардык түйүндөр каралган. Жаңы корпуста биринчи сменде – 451, ал эми экинчи сменде 304 бала билим алууда.

Бишкек шаарындагы № 59 мектеп-гимназиясында 2400дөн ашуун бала окуйт. Быйыл 150 орунга эсептелген, жалпы аянты 1072,6 м2, 2 кабаттуу заманбап талаптарга жооп берген кошумча корпустун курулушу жыйынтыкталган. Учурда жаңы курулган имаратта биринчи сменада – 180, ал эми экинчи сменде 220 бала билим алууда. Эски корпуста 1-6-класстардын окуучулары окуйт. 

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башкы адиси Анара Калыкова, Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустам Кожоев катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар