Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕПТЕРДЕ МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЖЫЙНОО БОЮНЧА КЫРДААЛ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 1718

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында мектептерде мыйзамсыз акча жыйноо боюнча кырдаал талкууланган жыйын өттү.

post.title

Кыргыз Республикасынын Президентинин үстүбүздөгү жылдын май айында чыгарылган мектептерде акчалай жыйымдарды жана мамлекеттик фонддорду түзүүгө тыюу салуу жөнүндө Жарлыгына карабастан, көптөгөн билим берүү мекемелеринде, өзгөчө Бишкек шаарында бул көйгөй актуалдуу бойдон калууда.

Президенттин администрациясы бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, Бишкек шаарынын мэриясына коомдук фонддордун да, камкорчулар кеңештеринин да пайдасына акча жыйноолорду токтотуу боюнча бардык чараларды көрүүнү жана Президенттин Жарлыгынын толук аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө келерки жылга республикалык бюджеттен билим берүү тармагына керектүү финансылык каражаттарды бөлүү маселеси да көтөрүлдү.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

https://www.gov.kg/.../23729-biskek-saardyk-meriyasyna...

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар