Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БАЗАР-КОРГОНДО ЖАҢЫ МЕКТЕП ЭШИГИН АЧТЫ

Көрүлдү: 672

Бүгүн Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айыл аймагынын Жоон айылындагы № 42 К. Сооронбаев атындагы мектебинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

post.title

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев катышты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев мектептин ачылыш аземинде компьютердик жабдуулардын 5 комплектин тапшырды.

225 орундуу жаңы имаратта сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттар каралган. Класстык кабинеттерден сырткары чет тили,  биология, физика, химия кабиенттери жана атайын лабораториялар каралган. Концерттик зал, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кол эмгек кабинеттери, спорттук зал, окуучулар үчүн дене-тарбия сабагынан кийин кийим алмаштыруучу жайлар жана душ кабиналары каралган.

Мектеп азыркы мезгилге ылайыкталган заманбап жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалган.

Мектептин курулушу 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган. Жалпы аянты 1655,9 чарчы метрди түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар