Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖАПОНИЯНЫН ТРАНСПОРТ КООПСУЗДУК СИСТЕМАСЫНЫН ПРИНЦИПТЕРИ ЖӨНҮНДӨ ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 783

2023-жылдын 28-29-ноябрында Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейинде өндүрүштүк окутуунун чеберлери, окутуучулар жана студенттер үчүн Япониянын коопсуздук жана текшерүү системасы жөнүндө тренинг өткөрүлдү.

post.title

Окутуунун ачылыш аземине Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, Бишкек автомобиль-жол колледжинин, Бишкек техникалык колледжинин, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, №99 жана №18 кесиптик лицейлердин окутуучулары катышты.

Жапон спикерлери Масамичи Шираява, Юки Мацумото жана Томояки Йокишаванын “Баалуу өмүрдү коргоо үчүн Япониянын текшерүү системасы” жана “Япониядагы 5S* ишмердүүлүгү” деген темаларындагы лекцияларына “Автомобилдерди оңдоо боюнча слесарь” адистигинин студенттери катышты.

Тренинг кыргыз-япон  адамды өнүктүрүү борборунун жана Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен “Eight Tool Со Ltd” долбоору боюнча уюштурулган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар