Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРДИН УНИВЕРСИАДАСЫНДА ЖЕҢИШТИ БАГЫНДЫРГАНДАР СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 389

2023-жылдын 29-ноябрында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн II универсиадасында байгелүү орундарды алган жогорку окуу жайлардын студенттерине, ректорлоруна, ошондой эле универсиадага коштоп барган машыктыруучуларга жана калыстарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каттары тапшырылды.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев, Билим берүү жана илим министрлигинин Илим башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Гүлжигит Токтошев, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана студенттер катышты.

Универсиадага Кыргызстандын 14 жогорку окуу жайынан 80ден ашуун студент катышып, жалпы 28 медалга жеңген.

Универсиада 6-ноябрдан 9-ноябрга чейин Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында өтүп, ага Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгрия өлкөлөрүнөн 500гө жакын студент катышты.

Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн III универсиадасы 2025-жылы Кыргызстанда өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар