Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ: АҢГЕМЕЛЕШҮҮДӨН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨН ТАЛАПКЕРЛЕРДИН ТИЗМЕСИ

Көрүлдү: 2753

Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлугуна тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлер конкурстун кийинки этабы болгон аңгемелешүүдөн өтүштү.

post.title

2023-жылдын 28-ноябрында өткөрүлгөн тестирлөөдө 153 талапкердин тогузу тесттен өтүп, конкурстун  кийинки аңгемелешүү этабына катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бирок тогуз талапкердин экөө өз каалоосу менен аңгемелешүүгө катышуудан баш тартты.

Конкурстук комиссия калган 7 талапкерди төмөндөгү тандоо критерийлери боюнча аңгемелешүүдөн өткөрдү:

  • Окуу жайды өнүктүрүүнүн жакынкы 5 жылга планы;
  • Кызматтык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдарды жана документтерди билүү;
  • Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү окуу жайларын өнүктүрүүнүн ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларын билүү;
  • Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү окуу жайлардын ишмердүүлүгүн болжолдоо жана пландаштыруу, талдоо мүмкүнчүлүгү;
  • Өндүрүштүк этика, баарлашуу стили, чыгармачылыкка жөндөмдүүлүк, ишкердүүлүк.

Жыйынтыгында конкурстук комиссиянын чечими менен 7 талапкердин алтоо аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өттү. Алар:

  1. Элеонера Ишеекева – Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейдин директорлугуна; талапкер;
  2. Максат Төлөбаев – Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейдин директорлугуна;
  3. Тургунбек Токтосунов – Ысык-Ата районундагы №1 кесиптик окуу жайдын директорлугуна;
  4. Анаркүл Серекова – Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейдин директорлугуна;
  5. Болот Иманалиев – Бишкек агроэкономика колледжинин директорлугуна;
  6. Алмаз Азаматов – Каракол педагогикалык колледжинин директорлугуна.

Белгилей кетсек, тестирлөөнүн босого упайын топтобогон талапкерлерге конкурстун кийинки этаптарына катышууга жол берилбейт. Тесттен өтүү үчүн босого деңгээл ар бир багыт боюнча 70 пайызды түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар