Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ОФИЦИАНТТАРДЫ ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ПРОГРАММАСЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Көрүлдү: 422

27-29-ноябрда Ысык-Көл облусунда 43 кесиптик лицейлердин окутуучулары официанттарды кыска мөөнөттүү окутуунун жаңы программасы боюнча окуудан өтүштү.

post.title

Официанттар үчүн кыска мөөнөттүү курс негизги көндүмдөрдү жана потенциалдуу иш берүүчүлөр менен байланышты камсыз кылат.

2023-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы “HoReCа Club” Ассоциациясы менен мейманкана, ресторан жана кейтеринг (HoReCa) секторунун линиялык кызматкерлери үчүн жаңы курсту иштеп чыгышкан. Кесиптик лицейлердин жана HoReCa секторунун ишканаларынын өкүлдөрү актуалдуу маалымат алмашуу жана официанттарды окутуунун мазмунун адаптациялоо үчүн жолугушат.

Окутуучуларды окутуу Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча коомунун (GIZ) “Жумуштуулукка жана кесиптик окутууга көмөктөшүү” долбоорунун колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги менен “HoReCa” Ассоциациясы тарабынан өткөрүлдү.

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар