Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЭСКЕРТЕТ!

Көрүлдү: 319

Урматтуу жарандар! Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эскертет! Мектептерде PISA тесттерине даярдоодо окуучулардан, мугалимдерден кошумча акча каражаттары чогултулбайт.

post.title

PISA тесттерине каалоочулар (окуучу, ата-эне жана мугалим) Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун сайтында жайгаштырылган ачык маалыматтардын негизинде https://ncokoit.kg/index.php?page=71 акысыз даярдык көрсө болот.

Мындан тышкары мектептерге ар кандай оюн-зоок программаларды уюштуруу, окуучуларды кандайдыр бир жактарга (концерт, кино, цирк ж.б.) алып баруу эч качан Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан түздөн-түз сунушталбайт. Мындай классстан тышкаркы иштер мектептин тарбия иштери боюнча иш планында болсо, алдын-ала ата-энелердин макулдашуусу менен гана жүргүзүлөт.

Эгерде кимде-ким Билим берүү жана илим министрлигинин атын жамынып, кандайдыр бир коммерциялык максаттарды көздөсө, анда Билим берүү жана илим министрлигинин фейсбук расмий баракчасы аркылуу кабарласаңыздар болот!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар