Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ БОЮНЧА КИЙИНКИ ФОРУМУ МОСКВАДА ӨТӨТ

Көрүлдү: 671

23-24-ноябрда Бишкекте өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форум ийгиликтүү жыйынтыкталды.

post.title

Форумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынып, 2024-жылы форумду өткөрүү эстафетасы Орусия Федерациясына берилди. 

Форумдун программасында мектеп тамак-ашы боюнча программаларды ишке ашырууда тажрыйба алмашуу боюнча конференция, мектептердин тамак-аш объектилерине көчмө иш-чаралар жана расмий иш-чаралар камтылган. Жыйынтыгында мектеп тамак-ашынын улуттук программаларын ишке ашыруунун маанилүү маселелери жана аларды жакшыртуу боюнча биргелешкен иштердин багыттары талкууланды.

Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Орусия Федерациясынын Агартуу министринин орун басары Денис Грибов, Өзбекстан Республикасынын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министринин биринчи орун басары, Мектепке чейинки билим берүү агенттигинин директору Агриппина Шин, Казакстан Республикасынын Агартуу министринин биринчи орун басары Наталья Жумадильдаева, Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ализода Назирмад жана Армения Республикасынын “Билим берүүнү өнүктүрүү жана инновациялар боюнча улуттук борбор” фондунун Мектеп тама-аш жана балдар коргоо агенттигинин директору Сатеник Мкртчян өз өлкөлөрүндө мектеп тамак-ашынын абалы жана өнүгүү багыттары жөнүндө баяндама жасашты.

Белгилей кетсек, форумду өткөрүү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген. 
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар