Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ МАСЕЛЕСИ – КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРДЫН БИРИ

Көрүлдү: 707

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форуму өттү.

post.title

Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, КМШнын башкы катчысынын орун басары Денис Трефилов, БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координатору Антье Граве, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Азия-Тынч океан аймагындагы регионалдык директору Джон Эйлифф, “Тармактык тамактануу институту” жана “Мектеп тамак-ашы үчүн” Автономдуу коммерциялык эмес уюмдарынын президенти Владимир Чернигов, КМШга мүчө өлкөлөрдүн жана башка кызыкдар өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери ж.б. катышты.

Форумдун катышуучуларына КМШнын баш катчысынын орун басары Денис Трефилов баш катчынын куттуктоосун окуп, мектеп тамак-ашы маселеси КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыттардан экендигин белгиледи.

Денис Трефилов балдарды сапаттуу тамак-аш менен камсыз кылмайынча, өнүгүү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эместигин, анткени балдардын тамактануусу алардын интеллектуалдык, физикалык жана эмоционалдык жактан өнүгүүсүнө таасир бере тургандыгын айтты.

Ал эми БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасынын Туруктуу координатору Антье Граве дүйнөдө күн сайын мектепке ачка барган миллондогон балдар бар экенин, ал ааламда болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам болуп жаткандыгын айтып, бул бүгүнкү күндө дүйнөнүн көйгөйү деп билдирди.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 25 өлкөдө иш алып барат. Балдардын мектептеги социалдык тамактануусу абдан маанилүү. Биз ата-энелер, жеке секторлор менен өз ара аракеттешүү аркылуу бул багытта натыйжага жете алабыз”, - деди Антье Граве.

Ошондой эле Антье Граве Кыргызстанда балдарды өнүктүрүү жаатында ишенимдүү саясат бар экендигин белгилеп, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынгандыгын кошумчалады.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Азия-Тынч океан аймагындагы регионалдык директору Джон Эйлифф Кыргызстан мектептерде тамак-ашты уюштуруу боюнча чоң ийгиликке жетише алгандыгын, анын натыйжасы бүгүнкү форумда көрүнүп турат деди.

Мындан сырткары Джон Эйлифф форумдун алкагында мектеп тамак-ашы боюнча айрым маселелерди чечүүгө болорун айтып, кызматташтыкты арттыруу менен биргеликте иштөөгө чакырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар