Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОшМУда SCOPUS МААЛЫМАТТЫК БАЗАСЫНЫН АЙМАКТЫК РЕСУРСТУК БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 843

ОшМУнун базасында Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча “Scopus Research Hub” ресурстук борбору ачылды. Ресурстук борбор Scopus боюнча консультациялык иштерди жүргүзөт (академиялык жазуу, заманбап илимий ресурстар боюнча воркшоптор ж.б.), КР ЖОЖдорун эл аралык рейтингдерге киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

post.title

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Консорциуму менен Elsevier B.V. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Консорциумга кирген 17 жогорку окуу жай Scopus эл аралык илимометрикалык базасына кошулган.

“Scopus Research Hub” ресурстук борборунун кызматтарынан түштүк аймактагы ЖОЖдордун окутуучулары пайдалана алат. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар