Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТҮРКИЯДА КВАЛИФИКАЦИЯ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫН УЮШТУРУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 563

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган жана Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эренди менен жолугушту.

post.title

Министр Түркия Республикасы менен билим берүү тармагындагы кызматташтыктын бекемделиши маанилүү экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын мектеп мугалимдеринин (STEAМ боюнча) кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча Түркияда 2 (эки) апталык окутуу курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Ошондой эле министр Түркиянын STEAМ боюнча китептерин кыргызчага которуп, Кыргызстанга ылайыкташтырып чыгаруу маселесин айтты.

Элчилик жана ЧӨТТКБ министрликтин сунуштары колдоо таба тургандыгын билдирди. Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрагасы Абдуллах Эренди Түркия стипендиялар программасы тууралуу айтып, 2024-2025-окуу жылына Кыргызстанга Түркия стипендиялар программасынан тышкары ЖРТдан жогорку балл алгандарга 50 гранттык орун бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар билим берүү жаатындагы биргелешкен аракеттер натыйжалуу боло тургандыгына жана мындан ары кызматташууну илгерилетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар