Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТОҢ РАЙОНУНДА 350 ОРУНДУУ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 2407

2023-жылдын 18-ноябрында Тоң районунун Кара-Коо айылында Рашит Жангазиев атындагы 350 орундуу орто мектеп ачылды.

post.title

Мектептин салтанаттуу ачылышына Жогорку Кеӊештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Арсланбек Малиев, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл КендирбаеваМинистрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева катышты.

Мектептин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Ушул тапта  орто мектепте 720 окуучу билим алып,  48 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенет.

Р.Жангазиев  атындагы орто мектептин 1-корпусу 1953-жылы курулуп, 2005-жылы авариялык абалда деп табылган. 2007-жылы 150 окуучуга ылайыкталган мектептин 2-корпусу курулган. Бирок окуучулар батпагандыктан алар авариялык абалдагы эски мектепте окууга мажбур болуп келишкен.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар