Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМ АЛУУДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

Көрүлдү: 2671

17-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын билим алуу жетишкендиктерин Улуттук деңгээлде баалоонун жыйынтыктарын тааныштырды.

post.title

2021-жылы 105 мектепте 4- жана 8-класстын 6,5 миң окуучусунун окуу жана түшүнүү, математика жана табигый илимдер боюнча жетишкендиктери бааланды.

Башталгыч класстын бүтүрүүчүлөрү эң жогорку жетишкендиктерди табигый илимдерден (Мекен таануу), ал эми эң төмөнкү жетишкендиктерди математика сабагынан көрсөтүштү. Математика боюнча окуучулардын болжол менен 38% ы гана базалык деңгээлде жана андан жогору, окуу жана түшүнүү боюнча окуучулардын дээрлик жарымы минималдуу алгылыктуу деңгээлден төмөн балл алышкан.

8-класстын окуучуларынын 61% окуу жана түшүнүү тестинен өттү, башкача айтканда, базалык деңгээлде жана андан жогору жетишкендиктерди көрсөтүштү, математика боюнча окуучулардын дээрлик 53% базалык деңгээлге жеткен жок. Илимий сабаттуулук боюнча окуучулардын болжол менен үчтөн бири базалык деңгээлде жана андан жогору көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, жыйынтыктарга COVID-19 шарттарында окуу сабактарын уюштуруу формасы таасир эткен.

Отчеттун сунуштамаларында математиканы окутуунун методикасын өркүндөтүү үчүн башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ой жүгүртүүнү өнүктүрүүчү, билимди реалдуу кырдаалдарда колдоно турган предметтерди, маалыматтардын көлөмүн эмес, түшүнүү деңгээлин жана көндүмдөрдү өздөштүрүү деңгээлин өлчөө, башталгыч класстардын мугалимдери үчүн борборлоштурулган сайт түзүү, мугалимдердин ашыкча жүктөмүн жоюу зарылдыгы камтылган.

Изилдөөнүн толук жыйынтыгы менен Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) сайтынан таанышууга болот.

Изилдөө ЮНИСЕФтин каржылык колдоосу менен Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) тарабынан жүргүзүлгөн .

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар