Көрүлдү: 908
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышкан Жогорку Кеңештин 2023-жылдын 15-ноябрындагы жыйынында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ант берди.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 6-октябрында Президент Садыр Жапаров Догдуркүл Кендирбаеваны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кылып дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.