Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОШТОГУ АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРЛОРУНУН ЖАНА ПИЛОТТУК ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Көрүлдү: 2606

14-ноябрда Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча пресс-тур башталды.

post.title

Пресс-турдун алгачкы күнү Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинде жана Ош курулуш колледжинде өткөрүлдү.

Министрликтин өкүлү менен долбоордун менеджери Нурлан Атаканов жеринде ЖМК өкүлдөрүнө Алдыңкы тажрыйба борборлорунун жана долбоордун пилоттук окуу жайларынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, ошондой эле кесиптик билим берүү жана окутуу системасы тууралуу айтып беришти.

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи 2018-жылы “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбооруна кирген. Долбоордун алкагында пилоттук колледжде Алдыңкы тажрыйба борбору уюшулган.

Долбоордун алкагында учурда колледжде “тигүүчү-бычмачы” кесиби боюнча Ош облусунун кесиптик лицейлеринен 34 педагог жана өндүрүштүк окутуунун устаты билим алууда. Ошондой эле АТБда колледждер жана кесиптик лицейлер үчүн педагогдордун жана чеберлердин квалификациясын жогорулатуу иштери жүрүүдө.

Алдыңкы тажрыйба борбору – орто кесиптик билим берүү системасында жаңы окуу программаларын жана мамлекеттик стандарттарды апробациялоо, жумуш ордунда окутуу методикаларын жана ишкердик боюнча модулду киргизүү үчүн аянтча болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар