Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИШКЕКТЕ ИНДИЯНЫН УЛУТТУК ДИВАЛИ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Көрүлдү: 580

11-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган индиялык студенттердин катышуусунда Индиянын улуттук Дивали майрамы белгиленди.

post.title

Иш-чарада КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов индиялык студенттерди улуттук Дивали майрамы менен куттуктап, онлайн видео кайрылуу жасады.

Ошондой эле Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Арун Кумар Чаттерджи жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев куттуктоо сөзүн cүйлөдү.

Майрамдык салтанатта “Индиянын түстөрү. Индия биздин жүрөгүбүздө” аталышында майрамдык концерт жана “Масала чай өнөрү”: чыныгы жыпар жыттуу чай кайнатуу, “Анголанын чыгармачылыгын өзүңдө ач!”, “Гармонияны түзүү: мандалаларды тартуу”, “Мехенди өнөрү: сырлар жана оймо-чиймелер” боюнча мастер-класстар уюштурулду.

Иш-чара КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тарабынан Эл аралык жогорку медицина мектеби жана “Кыргызстан Эл аралык университети” окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси менен биргеликте уюштурулду.

Дивали майрамы Индияда жарыктын караңгылыкты, жакшылыктын жамандыкты жеңгендигин билдирген негизги улуттук майрамдардын бири.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар