Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДӨӨНҮ ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 775

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү - балдар жана жаштар иш-аракетте” аттуу эл аралык форумуна катышуу программасынын алкагында Ташкент шаарындагы президенттик мектептин жана №34 мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

post.title

Догдуркүл Кендирбаева менен Өзбекстан Республикасынын мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министри Хилола Умарова кызматташууну бекемдөөнү талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстан Республикасынын мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министринин биринчи орун басары Агриппина Шин менен болгон жолугушууда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу, кадрларды даярдоо, санариптештирүү маселелери боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экендигин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар