Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРДИН УНИВЕРСИАДАСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМА КОМАНДАСЫ 28 МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

Көрүлдү: 2228

Кыргыз Республикасынын 14 жогорку окуу жайынын студенттери 6-ноябрдан 9-ноябрга чейин Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн универсиадасына катышты.

post.title

Универсиадага Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгриядан 500гө жакын студент катышты.

Кыргызстандын спортчулары эркектер арасында футзалдан I орун, кыз-келиндер боюнча волейболдон II орун жана эркектер арасындагы волейболдон III орунду алышты.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти Аманат Самат уулу грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынды.

Ошондой эле кыргызстандык студенттер грек-рим күрөшү боюнча 4 күмүш, 1 коло медаль, дзюдо боюнча кыз-келиндер арасында 2 күмүш, 3 коло медаль, дзюдо боюнча эркектер арасында 1 күмүш, 6 коло медаль, эркин күрөш боюнча 1 күмүш, 2 коло медаль жана шахмат турнирлеринде 4 коло медаль жеңип алышты.

Универсиаданын желеги Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнө тапшырылып, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн III Универсиадасы 2025-жылы Кыргызстанда өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар