Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА РЕКТОР AЛПАСЛАН ЖЕЙЛАНДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Көрүлдү: 2494

2-ноябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Aлпаслан Жейлан менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда Догдуркүл Кендирбаева “Манас” университети эки өлкөнүн тарыхын, элин, маданиятын бириктирген мыкты жогорку окуу жай экендигин белгиледи.

“Биз өзгөчө макам алган 5 жогорку окуу жайга аймактардагы мектептерди бекитип бергенбиз. Учурда алар устаттык кылып мугалимдерге, окуучуларга технология, так илимдер боюнча өнүктүрүүчүлүк курстарды уюштуруп беришүүдө. Сиздер менен дагы бул жаатта иш алып барсак болот, анткени сиздерде технология абдан өнүккөн”, - деди министр.

Ректор Aлпаслан Жейлан министрдин сунуштарын, демилгелерин колдой тургандыгын айтып, жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди. 


 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар