Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР МЕКТЕП ТАМАК-АШЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМГА ДАЯРДЫКТАРДЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 2733

Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Автономдуу коммерциялык эмес “Тармактык тамактануу институту” уюмунун президенти Владимир Чернигов жана Кыргыз Республикасындагы Тармактык тамактануу институтунун долбоорунун координатору Зарина Токтоболотова менен жолугушту.

post.title

Тараптар 2023-жылдын 23-24-ноябрында өтө турган мектеп тамак-ашы боюнча “Туура тамактануу – сергек жашоонун маңызы” эл аралык форумуна даярдыктардын жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле мектеп окуучуларынын туура тамактануусунда жергиликтүү өндүрүштө өндүрүлгөн азыктар менен камсыздоо үчүн ишкерлер чөйрөсүн тартууну сүйлөшүштү.

Эл аралык форумдун максаты – “Билим берүү жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн мектеп окуучуларынын тамак-ашын уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу жана балдардын ден соолугун чыңдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар