Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 2856

Бүгүн Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында “Орус тили мектептин билим берүү системасында. Натыйжалуу билим берүү мейкиндигин түзүү жана башкаруу” темасындагы Кыргыз Республикасынын мектептеринин жетекчилеринин форумунун ачылышына катышты.

post.title

Министр аталган форум КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин 2020-жылдын 18-декабрындагы жыйынында 2023-жылды – улуттар аралык байланыш тили катары орус тили жылы деп жарыялоо жөнүндө чечиминин алкагында өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи. 

“Форумдун негизги максаты Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын билим берүү мейкиндигин интеграциялоо болушу керек. Бүгүнкү күндө бизде орус тилин үйрөнүүгө карата суроо-талап жогору жана орус тилинде сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүү жаатында мыкты тажрыйбага ээ болуубуз маанилүү”, - деп билдирди Догдуркүл Кендирбаева. 

1-ноябрдан 3-ноябрга чейин өткөрүлүп жаткан форумга орус тилдүү 264 мектептин жана 500дөн ашуун аралаш тилде окуткан мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында россиялык ЖОЖдордун жана Кыргыз Республикасынын мектептеринин кайчылаш кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоонун заманбап ыкмалары, мугалимдин жөндөмдүү окуучулар менен иштөөгө даярдыгы, педагогикалык кызматкерлердин компетенциясын жогорулатуу, Кыргызстанда жана Россияда жаштар менен иштөөнүн жаңы форматтары багытындагы маселелерди талкуулоо боюнча тегерек столдор пландаштырылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар