Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА СВЕРДЛОВ ОБЛУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 2639

31-октябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козлов баштаган делегация менен жолугушту.

post.title

Тараптар башталгыч, орто жана жогорку билим берүү, адистерди даярдоо жана Макулдашуу долбооруна кол коюу жаатында өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу багыттарын талкуулашты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева: “Кызматташтыкты орнотууга тарыхтын жалпылыгы, билим берүү системалары, маданий мамилелер өбөлгө болуп саналат”, - деди.

Ошондой эле ал келечектеги адистерди даярдоо Кыргызстан да, Орусия да кызыкдар болгон өтө маанилүү милдет экенин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар